Бектур Асанов: «Саясатчыны саясаттан кетире албайсың»

«Супер ТВ» каналындагы «Саясий коктейль» берүүсүнө бул ирет Жогорку Кеңештин 2-чакырылышында 30 жашында депутат болгон, Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору, саясатчы Бектур Асанов маек берди.

Ал өзүнө жана Кубанычбек Кадыровго карата жасалып жаткан бүгүнкү бийликтин аракеттерин «коркуу» деп баалайт. «Саясатчыны камап койсо болот, кызматтан алып койсо болот… Бирок саясатчыны саясаттан кетире албайсың. Тескерисинче, түрмөдө саясат эффективдүү болот»,- дейт Бектур Асанов.

Эскерте кетсек, Бектур Асанов 2016-жылы бийликти күч менен басып алууга даярданды деген шек менен УКМК тарабынан кармалып, соттолуп, абактан 2019-жылы, 3 жылдан кийин чыккан. Учурда соттуулугун жоюуга аракет кылып жүрөт.

Маекти толугу менен бул шилтеме аркылуу көрө аласыз.