Беларустун президенти Александр Лукашенко Кыргызстанга келди

Беларусь Республикасынын президенти Александр Лукашенко Кыргызстанга келди. “Манас” эл аралык аэропортунан Беларусь президентин Акылбек Жапаров тосуп алды.

Сапардын алкагында Александр Лукашенко эртең, 13-октябрда КМШга мүчө мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.