Депутат Министрлер кабинетинин төрагалыгына талапкерге: «Берген жоопторуңуз мени канаатандырбай жатат»

«Буга чейинки суроолорго берген жоопторуңуз мени канаатандырган жок. Жеке өзүңүздүн программаңыз барбы, негизги багыттарын айтып бериңизчи?» деп сурады эл өкүлү Динара Ашимова Министрлер кабинетинин төрагалыгына талапкер Адылбек Касымалиевден.

«Бизде азыр 2021-2026-жылга өнүктүрүү программасы бар. А мен март айында өзүмдүн программамды алып келем. Анда негизинен 3-4 багытка өзгөчө көңүл бурулат.

Алар:

1) 2030-жылга ички дүң продукцияны 30 миллиард долларга жеткирүү үчүн болгон иш аракетти көрөбүз; 

2) Бекитилген бюджетти ашыгы менен аткаруу;

3) Социалдык тармакка көңүл бурабыз, мисалы бала бакчалар. Былтыр 26% бакчага барса, азыр 40%га жетип калды. Ушуну 80%га жеткирүү. Ал эми мектептерди 100%га жеткирүү. Бир партада үчтөн олтурган мектептерге көңүл бурабыз. 

4) Пенсия, жөлөк пул боюнча дагы өзүмдүн сунуштарымды берем. Көп балалуу үй-бүлөлөргө 4-балага, 10-балага деп айтылган жөлөк пулду ишке ашырууга аракеттенем», — деп жооп узатты Касымалиев.