«Бийлик Тажикстанды агрессор катары карагысы келбейт». Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйыны өтпөй турган болду

Бүгүн, 12-майда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүшү керек эле. Бирок бүгүнкү жыйын өтпөйт. Бул маалыматты парламенттин басма сөз кызматынан тастыкташты. Бирок жыйын эмне үчүн өтпөйт буга басма сөз кызматта жооп жок.

Депутаттар бүгүнкү жыйында кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды талкуулашмак. Себеби, мурунку жыйында жооптуу кызматтагы адамдардын бардыгы Баткен облусунда экени айтылган.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев социалдык тармактагы баракчасына Кыргызстандын бийлиги тажик тарапты агрессор катары карагысы келбей жатканын жазган.

«Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйыны болбойт. Жарандар Тажикстандын элчилигинин алдына митингге чыгып жатышса, бийликтегилер Тажикстанды агрессор катары карагысы келбейт», — деп жазды ал.