Навальныйдын тарапташтарына кысым көрсөтүлө баштадыбы?

Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын тарапташтары 23-январь күнү анын кармалышына байланыштуу нааразычылык акциясын уюштуруу үчүн чогулмак. Бийлик нааразычылык иш-чарасын алдын алуу үчүн анын тарапташтарын четинен кармай баштады. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

21-январда Орусиянын коопсуздук күчтөрү Навальныйдын 5 тарапташын, анын ичинде ал негиздеген “Коррупцияга каршы күрөш фондунун” жетекчилерин кармап кеткен. Ондогон активисттер жана журналисттер аларга полиция кызматкерлери эскертүү берип, нааразычылык акциясына чыкпагыла деп кысым көрсөтүп жатканын айтып чыгышты. Бийлик нааразычылык акциясын өткөрүү макулдашылган эмес деген жүйө келтирүүдө. Навальныйдын маалымат катчысы Кира Ярмыш анын үйүнө полиция кызматкерлери келгенин, бирок аларга эшигин ачпаганын, полиция кызматкерлери кетпестен, анын кошуналарына да эскертүүлөрдү бергенин айтып чыкты. Мындай эскертүүлөрдү Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун өкүлү Николай Ляскин, Навальныйдын Москва шаарындагы штабынын координатору Олег Степанов жана бир катар жергиликтүү штабдын өкүлдөрү да алышкан.