Бир апта мурда кармалган Кылычбек Саркарбаев Ош мэриясындагы кызматынан алынды

Бүгүн, 23-декабрда Кылычбек Саркарбаев Ош мэриясынын дене тарбия жана спорт комитетинин жетекчиси кызматынан бошотулду. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин этикасы боюнча Ош шаардык аймактык комиссиясы Саркарбаевди кызматтан алуу боюнча сунуш беришкен. Анын негизинде иштен расмий алынды.

Буга чейин  Кылычбек Саркарбаев УКМКнын тергөө абагына эки айга киргизилген. Ал соттуулугун жашыруу үчүн жасалма паспорт колдонууга шектелип кармалган болчу. Анын чыныгы фамилиясы Саркарбаев эмес, Сулайманов экендиги УКМКнын маалыматында айтылган. Ошондой эле аталган ведомство Кылычбек Саркарбаевдин уюшкан кылмыштуу топтун лидери Кадыр Досонов (Женго) менен тыгыз мамиледе болгондугу аныкталганын билдирген.

Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп Бекдөөлөт Абакиров дайындалды. 29 жаштагы Бекдөөлөт Абакиров буга чейин Ош шаарындагы муниципалдык “Жапалак” автоунаа базарынын директору болуп турган. Бир канча эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү, күрөш боюнча спорт чебери.