«Бири-бири менен чабышып, жаракат алышыптыр». Депутат уруунун аты айылга коюлбасын деген мыйзам кабыл алууну сунуштады

«Акыркы мезгилде уруучулук маселе күчөп баратат». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков билдирди.

«Элдин түбүнө жеткен 3 нерсе бар. Алар: караңгылык, руханий жардылык, бөлүнүү. Жакында эле Кыргызстандын бир аймагында бир айылда «биздин уруунун атын ушул айылга коёбуз» деп, бир айылдагылар бири-бири менен чабышып, бир канча адам жаракат алыптыр. Бул уят. Эмне кылалы мыйзам кабыл алалыбы? Бир да айылга уруунун аты коюлбасын деп. Бир айылда бир нече канча уруунун өкүлдөрү жашайт», — деди ал.