«Бир эле адам каршы болот». Депутат экс-президенттердин мамлекеттик күзөтүн 5 жылга гана камсыз кылууну сунуштады

Депутат Дастан Бекешев Юстиция министрлигине «Президенттин ишмердигинин кепилдиктери жана экс-президенттин статусу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады.

Анын айтымында, экс-президенттерди президенттик мөөнөтү аяктаган соң, 5 жыл гана мамлекеттик коргоого алуу зарыл. «Азыркы мыйзам боюнча экс-президенттер өмүр бою мамлекеттик коргоого алынат. Президенттин айлыгынын 75 пайызы берилет. Эгерде ал кызматтан мөөнөтүнөн мурда мурда кетсе, мамлекеттик күзөттү таптакыр алып салабыз. Мамлекеттик бюджеттин каражатын үнөмдөйлү», — деди депутат Бекешев.

Юстиция министринин орун басары Бактияр Орозов депутаттын сунушун министрлик карай турганын айтты. «Бирок президенттин өзгөчө статусу бар экенин унутпашыбыз керек. Ал жашыруун маалыматтарга ээ. Анын коопсуздугу маанилүү», — деди Орозов.

Бекешев Бакиев менен Акаевди мисал келтирди. «Аларда да мамлекеттик сырлар бар. Бирок алар чет өлкөдө. 5 жыл кылалы. Азырынча мамлекеттик сырдын мөөнөтү күчүндө», — деди Бекешев.

Бюджеттин тартыштыгы 35 миллиард сомду түзгөнүн белгиледи Бекешев. «Биз бир адамды үй-бүлөсү менен пенсия, коопсуздук менен камсыздайбыз. Экс-президенттин статусу мыйзам менен аныкталат. Мыйзам боюнча мамлекеттик күзөт 5 жыл, айлык маянасы 10 жыл болот, бирок өмүр бою эмес», — деди ал.

Бахтияр Орозов Конституциялык палатанын чечимдери коомдук талкууга алынбай турганын айтты.

«Ооба, көптөр колдойт, бир гана адам каршы болот, ага өмүр бою коргоо каралган. Ага бир эле адам каршы, бүткүл эл колдойт. Кимдин 200 миң сом пенсиясы бар? Социалдык адилеттүүлүк болушу керек”, — дейт депутат Бекешев.