«Бир жылдан бери келе элек». Депутаттар ӨКМ башчысынын жыйынга келбей жатканына нааразы болушту

Бүгүн, 5-декабрда Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети “2022-жылга республикалык бюджет жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорун биринчи окууда карашы керек болчу.

Депутат Улан Бакасов бул жыйынга өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев келиши керек болчу деп билдирди. «Бир жылдан бери келе элек. Биз орун басары менен сүйлөшкөнбүз, өзү келиши керек болчу», — деди ал. 

Министрлер кабинетинин өкүлү анын ден соолугуна байланыштуу өргүүдө экенин айтты.

Депутат Миргүл Темирбаева дагы кесиптешинин сөзүнө кошулду, мындан улам мыйзам артка кайтарылды.