«Бир жылыш көрө элекпиз». Балбак Түлөбаев өкмөттүн ишин сынга алды

Депутат Балбак Түлөбаев Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун ишин сынга алды.

«Күзүндө көрөбүз, өкмөттүн иштеши боюнча. Азыр ойлонуп жатам. Акылбек Жапаровдун реформаларына кандай баа берсек болот? Бир жылыш көрө элекпиз. 2 жыл болду да эми. 2 жылдан берки убадалары бар интернетте. Иштеп, тартипке келсе келсин да, келбесе жыйыштыргыла да», — деди депутат.