Садыр Жапаров: «Бөтөн жерге көз артпайбыз, бирок бир да сантиметр жерибизди бербейбиз!»

Бүгүн, 20-сентябрда президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарында Тажикстандын  Кыргызстандын аймагына  куралдуу кол салуусу, кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал боюнча маалымат берди.

Биз эч качан биринчи болуп кол салган эмеспиз жана кол салбайбыз. Ар дайым курал колдонуудан алыс болууга аракет жасап келебиз жана эч качан куралсыз жай тургундарды атпайбыз! Бизге дайыма тажик тараптын жасаган агрессиясына адекваттуу жооп кайтаруу менен гана чектелип жатабыз. Ушуга байланыштуу төмөнкүлөрдү баса белгилейм. Кыргыз тарап бөтөн жерге көз артпайбыз, бирок бир да сантиметр өз жерибизди бирөөгө бербейбиз”, — деди ал.