Бүгүн, 21-февралдагы президенттик администрациянын коллегиясында бир катар министрлер, алардын орун басарлары сөгүш угуп, айрым кызматкерлер иштен четтетилди. Минкабдын төрагасы Адылбек Касымалиев кээ бир кызматкерлер негизсиз иш сапарларга чыкканын, милдеттерин толук аткарбай жатканын айтты.
Ишиндеги кемчиликтери үчүн министрликте жетекчи жана орун басар болуп иштеген жалпы 18 киши тартиптик жазага тартылды. Алардын арасында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев катуу сөгүш алса, Айыл чарба министринин орун басары Алмазбек Сокеев иштен алынды.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин, Билим берүү министринин, Жаратылыш ресурстары министринин, Маданият министринин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин, Коргоо министринин орун басары, Саламаттыкты сактоо министринин орун басары, Саламаттыкты сактоо министринин, Энергетика министринин, Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун, Министрлер кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борборунун директорунун, Жаратылыш ресурстары министринин, Айыл чарба министринин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин жана Санариптик өнүктүрүү министринин эки орун басары сөгүш алышты.
Ал эми негизсиз командировкага кеткени үчүн Билим берүү жана илим министрине эскертүү, анын орун басарларынын бирине катуу сөгүш берилип, дагы бир орун басары иштен алынды. Министрликтин бир катар бөлүм башчыларына катуу сөгүш берилди.