Бир мандаттуу округдар боюнча 13 депутат өзүнчө топ түздү

Бир мандаттуу округдар боюнча 13 депутат “Элдик” тобун түзүштү. Бул тууралуу депутат Тазабек Икрамов журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, депутаттык топко жети облустун өкүлдөрү кирди. «Биз парламентке бир мандаттуу система менен келгендиктен, партиялык тизме менен түзүлгөн фракцияларга кирүүнү туура эмес деп эсептейбиз. Ошондуктан өзүбүздүн топ түзүүнү чечтик. Албетте, аларга кошулуу боюнча фракциялардан сунуштар болгон, бирок эл өкүлдөрү өз округдарынын атынан иштөөгө даяр. Топтун курамы дагы кеңейиши мүмкүн. Каалоочулар да бар», — деди Тазабек Икрамов.

“Элдик” депутаттык тобунун лидери Акылбек Түмөнбаев, депутат Өмүрбек Бакиров менен Мирлан Самыйкожо болду. Топтун өкүлдөрүнүн айтымында, алардын иштөө тартиби бар. «Эгерде кимдир бирөө топтун кызыкчылыгына каршы иш кылса, биз аны тизмеден чыгарабыз», — дейт Мирлан Самыйкожо.