— Буга чейин шайлоого байланыштуу Ташиев мырза менен «бир мөөнөт өзү, бир мөөнөт жакын досу отурат» деген макулдашуу болгон деген сөздөр айтылууда. Бул маалымат канчалык чындыкка дал келет?
— Кыргызстан — демократиялык өлкө. Өлкөнү ким башкарарын бир ууч адам эмес, Кыргызстандын эли чечет.
Конституцияга ылайык, ар бир жаран шайлоого катышууга укуктуу, ал эми кимге эл ишеним артса, эл арасында кимдин рейтинги жогору болсо, ошол президент болуп шайланат.
Ошондуктан «бир мөөнөт тигил, бир мөөнөт бул» деген сыяктуу сөздөр демократиялык принциптерге туура келбейт жана саясий маданиятка да жатпайт. Мындай пикирлер элдин тандоо укугун жокко чыгарууга аракет катары кабыл алынат.
— Коомчулукта «Жапаровдун командасы», «Ташиевдин командасы» деген түшүнүктөр айтылып жүрөт. Бул пикирлерге кандай жооп бересиз?
— Кадрдык дайындоолордо эч кандай бөлүнүү жок. Ар бир дайындоо кылдат текшерүүдөн өтөт. Мен мурда Камчыбек Ташиев мырзанын алдында да, министрликтердин, башкармалыктардын жетекчилеринин, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, губернаторлордун алдында да, мамлекетке иштей турган, принципиалдуу, кесипкөй кадрларды сунуштагыла деген талап коём жана азыр деле ошондой талап коюп келе жатам. Алар ошол критерийлерге ылайык сунуш кылышат. Ошондуктан «Жапаровдун командасы» же «Ташиевдин командасы» деген бөлүнүү жок.