«Бир тешигинен жергиликтүүлөрдү киргизсеңер чатак болот». Депутат казино боюнча оюн айтып, отургандарды күлдүрдү

Кыргыз жарандарын казиного киришине тоскоол кылып, көзөмөлдөш керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Коргонбай уулу Жусупбек билдирди.

«Эртең ачып алгандан кийин бир тешигинен, «задний проходунан» жергиликтүүлөрдү киргизип, ушундай болуп кете турган болсо, чатак болот», — деди ал.

Бул сөздү уккан жыйында отургандар күлкүсүн тыя алышпай, бир топко күлүштү.