Жума, 30.01.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Президент дыйкан-фермерлерге насыя берилип жатканын айтып, алмайдын бермейи бар экенин эскертти

10:59 22.02.2022
0
Президент дыйкан-фермерлерге насыя берилип жатканын айтып, алмайдын бермейи бар экенин эскертти

Президент Садыр Жапаров дыйкандар менен фермерлерге кайрылуу жасады. Өлкө башчысынын айтымында, жалпысынан айыл чарба багытына арнап, жеңилдетилген насыя берүүгө 26 миллиард сом бөлүнгөн.

Кайрылуунун тексти:

«Урматтуу кыргызстандыктар, дыйкандар жана фермерлер! “Жаздын бир күнү бир жылга тете” деген накыл сөз талаа иштеринин маанилүүлүгүн так-таасын туюнтары талашсыз. “Жаз жарыш” деп убакытты текке кетирбей, жабыла жер айдоого өткөн эмгекчил элибиз да бул сөздүн маанисин жакшы билет. Жазгы талаа иштерин ойдогудай өтүшү сөзсүз түрдө каражат жумшоо менен коштолору турган иш. Мамлекет дыйкандарыбызга колдон келишинче кол-кабыш кылып, арзан насыяларды берип баштадык. Жакындан бери 3 жылдык мөөнөт менен 6 пайыздан насыя ала баштадыңыздар. Бул насыяларды “Айыл банк”, РСК жана “Керемет банк” өкмөттүк банктар аркылуу берип жатабыз. Жалпысынан айыл чарба багытына арнап, жеңилдетилген насыя берүүгө 26 миллиард сом бөлүнгөн. Мунун ичинде 1,5 миллиард сом үрөн сатып алууга, 1 миллиард сом ирригация тутумун жакшыртууга, калганы дыйкандар менен фермерлерге 3 жылдык мөөнөткө насыя берүү үчүн бөлүндү. Жакындан бери үрөндүн алды келе баштады. Жалпысынан 16 миң тонна жогорку сапаттагы үрөн сатылып алынды. Бул үрөндөр мурда карызы бары-жогуна карабастан, дыйкандарга 4,5 пайыздык үстөгү менен 2 жылдык мөөнөткө берилип жатат.

Дагы бир баса белгилей кетүүчү жагдай, буга чейин насыя алгандан кийин аны максаттуу иштерге жумшабай койгон учурлар арбын эле. Жер айдоого алынган насыяга той бермей, үй оңдомой, машина сатып алмай жана башка адаттарыбыз болгонун эч ким танбастыр. Андыктан сиздерден сураныч, эми андай кылбастан “бирди эки, экини үч кылып алганга” жетишсеңиздер жакшы болот эле. “Алмайдын бермейи бар” дегендей, алган насыяны сөзсүз төгүш керек экенин унутпасаңыздар! Быйыл дыйкандардын бир бөлүгү алса, кийинки жылы экинчи бөлүгү, аркы жылы үчүнчү бөлүгү насыя алуусуна шарт түзүп беришибиз керек. Бул акчаларга завод-фабрикаларды куралы деген сунуштар болду. Бирок завод-фабрикаларды ишке киргизүү үчүн 3-4 жыл убакыт керек болот. Ошондуктан былтыркы таза кирешени дыйкандар менен фермерлерге берели деген чечим кабыл алдык. Себеби сиздер быйыл мол түшүм алып, тамак-аш коопсуздугуна салым кошууңуздар керек. Биринчи кезекте, элдин курсагы тоюш керек жана тамак-аш коопсуздугу камсыз болуш керек. Алган түшүмүңөр сатылбай калбайт. Өкмөт тараптан ар тараптуу жардам берилет. Ал эми завод-фабрикаларды курганга, Кудай буюрса, быйылкы кирешелерибизди жумшайбыз. Баарыңыздарга ийгилик каалайм! Кудай колдоп, күч-кубат берип, түшүмүңөр мол болсун!».

БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: «Жаңы гимн  тойлордо аткарууга ылайыктуу болушу  керек»

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу: «Жаңы гимн тойлордо аткарууга ылайыктуу болушу керек»

Автор Айзада Тураркулова
11:41 28.01.2026
0

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу бүгүн жыйында гимн тууралуу маселе козгоду. "Сунушталган гимндердин баары марш стилде жазылган, аны баары...

Садыр Жапаровдун өлкө башчысы болгонуна 5 жыл

Садыр Жапаровдун өлкө башчысы болгонуна 5 жыл

Автор Айзада Тураркулова
10:13 28.01.2026
0

Бүгүн, 2026-жылдын 28-январында Садыр Жапаровдун Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришкенине беш жыл толду. Президенттин сүрөтчүсү Султан Досалиев өлкө башчысынын буга...

Жогорку Кеңештин комитети жаңы гимндин долбоорлорун колдогон жок

Жогорку Кеңештин комитети жаңы гимндин долбоорлорун колдогон жок

Автор Айзада Тураркулова
12:43 27.01.2026
0

Бугүн, 27-январда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитети мамлекеттик гимн сынагынын 2-айлампасынан өткөн үч гимнди...

№13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин 9 талапкер билдирди

№13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин 9 талапкер билдирди

Автор Айзада Тураркулова
14:45 20.01.2026
0

Борбордук шайлоо комиссиясы 2026-жылдын 1-мартында өтө турган Жогорку Кеңештин №13 шайлоо округу боюнча депутаттарды кайра шайлоого катышуу ниетин билдирген жарандардан...

Президенттин басма сөз катчысы орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды

Президенттин басма сөз катчысы орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:48 14.01.2026
0

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагозов орусиялык журналист Владимир Соловьевдин сөзү боюнча жооп кылды. Ал бул билдирүүсүн соцтармактагы баракчасына жарыялады....

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Экс-депутат Масалиев: «Келе жаткан шайлоого Ташиев даяр болду»

Экс-депутат Масалиев: «Келе жаткан шайлоого Ташиев даяр болду»

23:14 29.01.2026
Сооронкулова: “Быйыл мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоо өткөрүү мыйзамдуу”

Сооронкулова: “Быйыл мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоо өткөрүү мыйзамдуу”

22:16 29.01.2026
Экс-депутат Масалиев: «Келе жаткан шайлоого Ташиев даяр болду»

Экс-депутат Масалиев: «Келе жаткан шайлоого Ташиев даяр болду»

23:14 29.01.2026
Сооронкулова: “Быйыл мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоо өткөрүү мыйзамдуу”

Сооронкулова: “Быйыл мөөнөтүнөн эрте президенттик шайлоо өткөрүү мыйзамдуу”

22:16 29.01.2026

АРХИВ

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
« Дек    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү