Биринчи айым Айгүл Жапарова саясий партиялардын бирин каржылайбы? Президенттин маалымат катчысынын жообу

Мамлекет башчысынын жакын туугандары шайлоо жараянына таасир этип жаткан имиш деп таркатылып жаткан маалыматка карата президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев түшүндүрмө берди.

«Социалдык түйүндөрдө президент Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарова саясий партиялардын бирин каржылайт имиш жана шайлоо жараянына таасир этүүгө аракет кылууда деген маалымат жалган жана чындыкка дал келбейт. Мамлекет башчысынын анын туугандарынын саясий жана мамлекеттик иштерге аралашуусу боюнча туруктуу позициясы тууралуу биз бир нече жолу белгилегенбиз. Президент өзүнүн жакын туугандарынын эч кимисине кайсыл бир саясий процесстерге аралашуусуна жана аларга таасир этүүсүнө жол бербей турганын дагы бир жолу белгилейм», — деди Эрбол Султанбаев.