Сот: «Матраимов мамлекетке кайтарууга убадалаган акчасынын 1 миллиарддан ашыгын гана акчалай берген»

Кечээ, 11-февралда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго карата өкүм чыгарды. Анда сот Матраимовго жаза чарасы катары 260 миң сомдук айып пул салып, конфискацияланган мүлкү менен банк эсептери кайтарылып берилсин деп бүтүм чыгарды.

Матраимов УКМК тарабынан кармалган күнү мамлекетке келтирилген зыянды, 2 миллиард сомду кайтарууну убадалап, үй камагына чыккан эле.

“Мамлекетке кайтарылган 2 миллиарддын ичинде анын конфискацияланган мүлкү да барбы? Эгер Матраимовго мүлкү кайтарылып бериле турган болсо, анда ал убада кылган 2 миллиард сом эмне болот?” деген суроо менен СЕРЕП МЕДИА агенттиги Биринчи Май райондук сотуна кайрылган болчу.

Бул суроого биздин агенттик 2 миллиард сом акчалай төлөнгөн деген жооп уккан эле. Бирок андан көп өтпөй эле райондук сот бул маалыматка толуктоо киргизди. Алардын айтымында, Райымбек Матраимов убадалаган акчанын 1 миллиарддан ашыгы акчалай, калганы мүлктөр менен берилген.

«Райымбек Матраимов убадалаган акчанын 1 миллиарддан ашыгын акчалай, калганын мүлктөр менен берген. Бирок кечээ күнү аресттен чыгарылган мүлктөрдүн буга тиешеси жок», — дешти.