Биринчи вице-премьер Артем Новиков Баткенге жетти. Ал оперативдүү штабдын жыйынын өткөрүүдө

Биринчи вице-премьер Артем Новиков Баткенге жетти. Ал оперативдүү штабдын жыйынын өткөрүүдө.

Премьер-министр Улукбек Мариповдун тапшырмасы боюнча кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы абалды координациялоо жана көзөмөлдөө боюнча ыкчам штаб түзүлдү. Штаб кеңешмесинин жүрүшүндө белгиленгендей, өкмөт тарабынан кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу жана иликтөө боюнча бардык тийиштүү чаралар кабыл алынууда.

Президент Садыр Жапаров өкмөт мүчөлөрү менен өткөргөн ыкчам кеңешмеде түзүлгөн кырдаалды иликтөө жана жөнгө салуу боюнча биринчи вице-премьер Артем Новиков башында турган жумушчу топ түзүү тууралуу чечим кабыл алынган эле.