«Крыша болуу» деген түшүнүктү таптакыр жок кылып жатабыз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров жыйында билдирди.
«Урматтуу министрлер, бардык мамлекеттик органдардын жетекчилери, аймак жетекчилери, сиздерге катуу эскертерим: Кимде-ким туура эмес иштерге аралашып, бирөөлөргө «крыша» болуп, же мамлекетке каршы иштердин аркасында турчу болсоңуздар, эч кимиңерди ушул кезге чейинки кылган бардык сиңирген эмгегиңерге карабайбыз! Өтө катуу жана катаал чараларды көрөбүз. Биздин мамлекетте коом өтө ачык, эч нерсени жаап-жашыра албайсыңар.
Текшерүүчү органдардын оозун жапканыңар менен эл өзү ачыктап, туура-туура эместигин териштирип, алаканыбызга салып берет. Ушул жерде отурган бардык жетекчилердин кулагына күмүш сырга: биз кабыл алынган чечимдердын бардыгы сиздердин колдон жалпыланып, анан кабыл алынат”, — деди ал.











