Бишкек АШК 23 шайлоо тилкесиндеги шайлоонун жыйынтыктарын жараксыз деп тапты

Бүгүн Бишкек АШК Бишкек шаардык кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгын чыгарууда.

«Ак Бата» партиясынан талапкер Айжан Беккоенованын арызы каралды. Буга чейин ал «Ак Бата» турак жай конушунда жол курууга катышкандыктан жарыштан четтетилген. Тергөө факты бар экендигин далилдеген. Шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө талапкердин инфраструктуралык объектилерди курууга көмөктөшү пара алуу катары бааланат. АШК маселени талкуулап, Айжан Беккоенованы талапкерлердин тизмесине калыбына келтирди.

Бишкек АШК “Эмгек” партиясынын талапкерлери тарабынан мыйзам бузуулар жөнүндө маселени дагы карады. Бул саясий уюмдан мандат алууга талапкерлер административдик ресурстарды квартал, үй ээлеринин ассоциациясы жана аймактык муниципалдык башкармалыктын жетекчилери аркылуу колдонгону белгиленди.

Натыйжада, 23 шайлоо тилкелериндеги жыйынтыктар жокко чыгарылды. Комиссиянын башчысы Кайрат Маматовдун айтымында, аталган участкалардагы мыйзам бузуулар добуш берүүнүн жыйынтыгына таасирин тийгизген.