Бишкек АШК «Ак Бата» партиясын да шаардык кеңештин шайлоосунан четтетти

Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы «Ак Бата» партиясын да шаардык кеңештин шайлоосунан четтетти. Мындай чечим 12-майда АШКнын жыйынында кабыл алынды. Партия үчүн добуш берилген бюллетендер жараксыз деп табылды.

Буга чейин «Эмгек» партиясы шайлоо жарышынан четтетилген эле.