«Бишкек башка өлкөнүн борборундай көрүнөт». Нурланбек Шакиев жарнамаларды кыргызчалоо керектигин айтты

Бүгүн, 2-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Жарнама жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр экинчи окууда каралды. Анда төрага Нурланбек Шакиев дагы маселенин олуттуулугун эске салды.

Сунушталган мыйзам жөнөкөй көрүнгөнү менен абдан маанилүү. Андыктан буга жеңил-желпи кароого болбойт. Айрыкча, бүгүн отурумга чакырылгандардын жооптору такыр канаттандырбайт. Эгер тийиштүү жетекчилер натыйжалуу иштегенде борбор калаабыз азыркыдай абалга келмек эмес. Шаарыбызды аралап көрсөк, борбордук көчөлөрдөн баштап, кичи көчөлөргө чейинки илинген жарнамалар дээрлик башка тилде жазылган. Бишкек башка өлкөнүн борборундай көрүнөт”, – деди ал.

Спикер тармакты көзөмөлдөгөн жетекчилердин ишин сынга алып, калаа башчыларын жарнама ишин көзөмөлдөөгө чакырды.