Бактыбек Калмаматов, Элеонора Турдубекова. Президенттикке талапкерлигин койгондордун саны өсүүдө

Президенттике талапкерлигин койгондордун саны күн сайын өсүүдө. Бүгүн, 12-ноябрда  Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык интернатынын жетекчиси Элеонора Турдубекова жана мурдагы депутат Бактыбек Калмаматов президенттикке талапкерлигин коюу үчүн  арыз тапшырды. Бул тууралуу борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Ал эми буга чейин президенттикке талапкерлигин коюу үчүн арыз тапшырган саясат таануучу Бакыт Бакетаев кайра арызын кайтарып алды. Мунун себебин ал Садыр Жапаровдун аткарган иши купулуна толгондугу менен түшүндүргөн.