Бишкек мэринин милдетин аткаруучу эртең маршруткалар чыгат же чыкпайт деп так айта албайт

Бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында Бишкектеги каттам боюнча мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов баяндама жасады. Ал эртең кичи автобустар каттамга чыгабы же чыкпайбы так айта албайт.

«Биз азыр айта албайбыз чыгат же чыкпайт деп. Кечээ бардык иштерди жасадык, сурандык. Андан башка кандай иштерге барыш керек экендигин билбей турам. Эми айттык «жардам бергиле, жигиттер» деп. Эртең чыкпашы да мүмкүн», — деди ал.