Бишкек мэриясы Toyota Prado кызматтык унаасынан баш тартты

Бишкек мэриясы унааны муниципалдык менчикке кабыл алуу боюнча Бишкек шаардык кеңештин токтомунун долбоорун кайтарып алат. Бул тууралуу борбор калаанын муниципалитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, мындай чечимди шаар башчысы Айбек Жунушалиев шаардыктардын пикирин эске алуу менен кабыл алган. «2010-жылы чыккан Toyota Prado белгиленген тартипте Транспорт жана жолдор министрлигине өткөрүлүп берилет», — деп айтылат маалыматта. 

Кечээ, 22-сентябрда Бишкек шаардык кеңештин туруктуу комиссиясынын жыйынында транспорт каражаттарын муниципалдык менчикке кабыл алуу маселеси талкууланды. Вице-мэр Русланбек Акылбеков конокторду тосуу үчүн кызматтык унаа мэрия тарабынан талап кылынарын айткан. Бүгүн ал кызматтан алынды