Бишкек мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду

Борбор калаанын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Айнура Жанышовна Арстанбекова Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын директору болуп дайындалды.

Бишкек шаарынын Ленин райондук билим берүү борборунун жаңы жетекчиси болуп Темирканова Таалайгүл Эмилбековна дайындалган.