Бишкек мэрлигин мээлжеген экөө кеңешчи болду

Жарандык активист Төрөхан Жунусбеков “Мегаком” компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка уюлдук оператордун башчысы Акылбек Жамангулов кечээ кол койгон. Жарандык активисттин өзү бул дайындоодон кабары жоктугун айткан.

Төрөхан Жунусбеков соңку учурда октябрь айындагы окуялардан кийин Бишкек шаарынын мэри болууга аракет кылганы менен элдин эсинде калган. Ал Садыр Жапаровдун активдүү тарапташы, “Мекенчил” партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон.

Дагы бир Бишкектин шаар башчысы болом деген “Чоң казат” партиясынын мүчөсү Асхат Осмонов мэрдин кеңешчиси болуп дайындалды.