Бишкек, Ош жана Токмоктун депутаттарын кайра шайлоо аяктады

Бүгүн, 11-июлда саат 08:00дө Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештердин депутаттарын кайрадан шайлоо башталган. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, бул жолу шайлоочулардын тизмесине 617 миң 517 жаран катталган. Добуш берүүчү тилкелер саат 20:00дө жабылды.