Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоого катышуу үчүн эки партия арыз тапшырды

Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоого катышуу үчүн эки партия арыз тапшырды. Бул тууралуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов соцтармактагы баракчасы аркылуу маалымдады. Анын айтымында, арыз бергендер — «Өнүгүү-Прогресс» жана «Социал-демократтар» саясий партиялары. Экинчиси өткөн шайлоого катышса, биринчиси катышкан эмес.

Бишкек шаардык кеңешине кайра шайлоо 11-июлга дайындалган. Шайлоого катышуу үчүн арыздар 13-июнга чейин кабыл алынат. Үгүт иштери 21-июндан 10-июлга чейин жүрөт.