Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды

Бүгүн, 19-майда Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону жараксыз деп тапты.

Ага 12-майда Бишкек аймактык шайлоо комиссиясына келип түшкөн арыз-даттануулардан улам 30 участкалык шайлоо комиссиясындагы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жокко чыгарылып, «Эмгек», «Ак бата» партиялары жана Кыргызстан элдик демократиялык партиясы шайлоодон четтетилгени себеп болду. Бишкек аймактык шайлоо комиссиясы жалпысынан 60 миң 351 добушту жараксыз деп тапкан. Бул шайлоого катышкан жарандардын 45,02 пайызын түзөт.

Жыйынга катышкан БШКнын 11 мүчөсүнүн ичинен 8и Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоону жараксыз деп табууга макул болуп, үчөө каршы болду. БШКнын бул чечимине байланыштуу кайра шайлоо дайындалат. Ага шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууга негиз болгон депутаттыкка талапкерлер катышпайт.