Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров мандатын тапшырды

Бүгүн, 2-мартта Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров өзүнүн ыйгарым укуктарын токтотуп, кызматын тапшырды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасынан билдирди.

Анда ал 11-апрелде боло турчу жергиликтүү кеңештин шайлоосуна аттангандыгына байланыштуу мыйзам боюнча 40 күн мурда кызматын токтотуу керектигин айткан. Ошондой эле Абиров анын мындай кадамы ыйгарым укуктарын аша чаап колдонуу же админресурсту пайдаланууга бөгөт коюу үчүн жасалап жатканын билдирди.

Белгилей кетсек, Жаныбек Абиров 2016-жылы шаардык кеңешке КСДП партиясынын атынан келген. 2018-жылы Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланган.