Автоматтык түрдө эсептөө урналарынын (АСУ) алдын ала жыйынтыгы боюнча Бишкек шаардык кеңешке кайра шайлоодо 6 партия алдыда келе жатат.
Алдыда төмөнкү саясий партиялар келе жатат:
• “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы — 15,24 пайыз;
• “Эмгек” партиясы — 17,26 пайыз;
• “Ишеним” партиясы — 11,19 пайыз;
• “Социал-демократтар” партиясы — 7,79 пайыз;
• “Өнүгүү-прогресс” партиясы — 8,11 пайыз;
• “Ынтымак” партиясы — 8,28 пайыз.
Шаардык кеңешке өтүү үчүн саясий партиялар 7 пайыздык шайлоо босогосунан өтүүсү керек.