Бишкектеги шайлоонун жокко чыгарылышы. Партиялардын күрөө акчасы кайтарылып берилбейт

11-апрелде Бишкек шаардык кеңештин депутаттык мандаты үчүн ат салышкан партиялардын күрөө акчасы кайтарылбайт. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, күрөөгө коюлган 50 миң сомду алуу үчүн 15 жана андан ашык пайыз чогултуу керектиги көрсөтүлгөн. Партиялардын бири дагы мынча добуш алган жок.

«Бишкек АШКсы добуш берүүнүн жыйынтыктарын жараксыз деп тапты. Бирок мыйзамга ылайык, күрөөгө коюлган акчаны алыш үчүн атайын босого упайы бар. Ал босого упайга бир да партия жеткен жок. Ошондуктан аларга кайтарылып берилбейт. Бирок Ошто күрөөнү «Ата Журт Кыргызстан» жана «Улуттар Биримдиги» партияларына кайтарып беришет», — дешти алар.

Бишкек АШКнын башчысы Кайрат Маматов билдиргендей, жарышка катышууну көздөгөн саясий уюмдар, президент кайра шайлоону дайындары менен кайрадан күрөө коюп, талапкерлердин тизмесин түзүшү керек.