Бишкек шаардык кеңештин мурдагы төрагасы Жаныбек Абиров парламенттик шайлоого катышат

Бишкек шаардык кеңештин мурдагы төрагасы Жаныбек Абиров парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышат. Бул тууралуу өзү Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

«Мекенибизге кызмат кылуу максатында жеке каалом менен, командамдын колдоосу менен Ленин районунун №26 округунан бир мандаттуу талапкер катары парламенттик шайлоого аттандым. Бул убакытка чейин 4 жыл Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болуп, 3 жыл төрагалык милдетти аткардым», — деп жазды ал.