Бишкек мэриясына мурдагы вице-мэр кайра кызматка дайындалды

Бишкек шаардык мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Айжан Чыныбаева Бишкектин вице-мэрлик кызматынан бошотулуп, анын ордуна Виктория Мозгочева дайындалды. Тиешелүү буйрукка шаар мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов кол койду.

Былтыркы жылдын июль айынын аягында Виктория Мозгачева вице-мэр болуп дайындалып, бирок 27-октябрда ал кезде мэрдин милдетин аткарып жаткан Балбак Түлөбаев иштен алган. 29-октябрда Мозгачеванын ордуна Чыныбаева келип, аталган кызматта жарым жылга чукул иштеди. 4-майда Чыныбаева Facebook баракчасына вице-мэрликтен кетип жаткандыгын жазган. Ал Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып жаткан Бактыбек Кудайбергеновдун иш ыкмасы менен макул эместигин билдирип, мамилеси келишпей калгандыгын айткан.