Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп Бактыбек Кудайбергенов дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, борбор калаага жаңы жетекчи шайланганга чейин ал Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарып турат. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.
Бактыбек Кудайбергенов буга чейин Чүй облусунун губернатору болуп эмгектенген жана соңку парламенттик шайлоого «Кыргызстан» партиясынын тизмесинде талапкер катары катышкан.
Ошондой эле бүгүн өкмөттөн билдиришкендей, премьер-министр Улукбек Мариповдун башка буйругу менен 8-январда Эрмек Нургазиевди мэрдин милдетин аткаруучу кылып дайындоо чечими жокко чыгарылды.
Кечээ, 9-февралдагы жыйында Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев өз арызы менен кызматтан кеткенин билдирген.