Бишкек шаарында футбол боюнча эл аралык мелдеш өтөт

Бишкекте 14-майдан 20-майга чейин «Азия футбол конфедерациясынын (АФК) кубогу — 2021» мелдешинин тайпалык  оюндары өтөт. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунун маалымат кызматы билдирди.

Бул жылкы оюндар борбордоштурулуп өткөрүлмөкчү. Конфедерация мелдеш өткөрүлө турган жерди аныктоодо ушундай чечимге келишкен.
«Чүчү кулактын жыйынтыгы менен Кыргызстандын чемпиону «Дордой» клубу Е тайпасына түшкөн. Бишкектик команда Тажикстандын кубогунун жеңүүчүсү «Равшан» жана Түркмөнстандын вице-чемпиону «Ахал» клубдары менен ойнойт. Борборлоштурулган мелдеш 14-20-май күндөрү Бишкекте өтөт», — деп айтылат маалыматта.

Оюндардын болжолдуу жадыбалы:

БОРБОРДУК АЙМАК, «Е» ТАЙПАСЫ

«Дордой» (Кыргызстан)

«Равшан» (Тажикстан)

«Ахал» (Түркмөнстан)

 

14-май (жума), 1-тур

«Ахал» (Түркмөнстан) – «Равшан» (Тажикстан)

17-май (дүйшөмбү), 2-тур

«Дордой» (Кыргызстан) – «Ахал» (Түркмөнстан)

20-май (бейшемби), 3-тур

«Равшан» (Тажикстан) – «Дордой» (Кыргызстан)

Эскерте кетсек, Кыргызстанда акыркы расмий оюн 2019-жылы болгон. Анда Кыргызстандын улуттук курама командасы Япония жана Тажикстан менен кездешкен. Пандемияга байланыштуу өлкөдө башка эл аралык оюн өткөн эмес.

Ал эми Кыргызстан кубогунун жеңүүчүсү «Алай» ойной турган F тайпасынын беттештери Душанбе шаарына белгиленген. Оштун командасы Тажикстандын «Худжанд», Түкмөнстандын чемпиону «Алтын Асыр» жана Өзбекстандын АГМК же «Насаф» командасы менен таймашат.

Оюндардын болжолдуу жадыбалы:

БОРБОРДУК АЙМАК, «F» ТАЙПАСЫ

«Алай» (Кыргызстан)

«Алтын Асыр» (Түркмөнстан)

АГМК же «Насаф» (Өзбекстан)

«Худжанд» (Тажикстан)

14-май (жума), 1-тур

АГМК же «Насаф» (Өзбекстан) – «Алай» (Кыргызстан)

«Алтын Асыр» (Түркмөнстан) – «Худжанд» (Тажикстан)

17-май (дүйшөмбү), 2-тур

«Алай» (Кыргызстан) – «Алтын Асыр» (Түркмөнстан)

«Худжанд» (Тажикстан) – АГМК же «Насаф» (Өзбекстан)

20-май (бейшемби), 3-тур

АГМК же «Насаф» (Өзбекстан) – «Алтын Асыр» (Түркмөнстан)

«Худжанд» (Тажикстан) – «Алай» (Кыргызстан)

Тайпанын жеңүүчүлөрү эки оюндун алкагында 11- жана 25-августта аймактык финалда кездешет.

Эскертүү: болжолдуу график өзгөрүшү мүмкүн.