«Президент Садыр Жапаров экөөбүз бири-бирибизди партия аркылуу тааныйбыз», — деди Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйынында.
Ал 2020-жылдын күзүндө «Мекенчил» саясий партиясынан депутаттыкка талапкерлигин койгонун эске салды. «Мен Камчыбек Кыдыршааевичти көптөн бери билем, 15 жыл мурун иштешкенбиз. Садыр Жапаров менен жакында эле, шайлоодон кийин тааныштым. Ошондуктан мен аны партиялык линия аркылуу билем», — деди Эмилбек Абдыкадыров.