Бишкек үчүн 1500 автобус. Акылбек Жапаров Кытай элчиси менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытайдын Кыргыз Республикасындагы элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды. Жолугушууга ошондой эле Кытайдын экспорттук кредиттик камсыздандыруу корпорациясынын өкүлдөрү катышты.

Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын мэриясы үчүн Кытайда чыгарылган 1500 автобус сатып алуу маселесин көтөрдү. Ал кыргыз жана кытай тараптын бул маселени сапаттуу жана өз убагында иштеп чыгуусунун маанилүүлүгүн белгиледи. Талкуу алкагында борбор калаада аталган транспортту кураштыруу жана сервистик тейлөө борборун ачуу идеялары айтылды. Тараптар ошондой эле Кыргызстандын сугат жерлерин суу менен камсыз кылууну жогорулатууга мүмкүндүк берүүчү Айланма Чүй каналы-2 (АЧК-2) курулушунун долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Өз кезегинде элчи Ду Дэвэнь жогоруда аталган маселелерди илгерилетүүгө даярдыгын билдирди.