Бишкекке Касым-Жомарт Токаев келди (видео)

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга келди.

Аны “Манас” эл аралык аэропортунан Акылбек Жапаров тосуп алды.

Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга 13-октябрда Бишкекте өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келди.