Бишкекте Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун онкология жана онкогематология бөлүмү ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-сентябрда Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун аймагында курулган жаңы 5 кабаттуу балдар онкологиясы жана онкогематологиясы бөлүмүнүн ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Анын курулушу жана бардык зарыл жабдуулар менен камсыздоо, анын ичинде долбоордук-сметалык документациясы, эмерек жана жабдыктарды сатып алуу «Ас-Сафа» коомдук бирикмеси тарабынан каржыланган. Балдар онкологиясы жана онкогематологиясы бөлүмү биринчи жолу балдардын атайын клиникасынын шартында ачылды. Ал 70 жатуучу орундан туруп, анын 10у интенсивдүү терапия палатасына карайт. Ошондой эле, жандандыруучу бөлүм жана эки операция жасоочу палата бар. Мындан сырткары, биохимиялык, жалпы клиникалык, бактериологиялык, иммунофенотиптик цитогенетикалык жана башка лабораториялар жабдылган. Балдар онкологиясынын колунда биринчи жолу өздөрүнүн гемодиализ үчүн аппараты менен реанимациясы болот. Баш мээсинде залал шишиги бар бейтаптарга жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгү пайда болду. Тар багыттагы адистер менен консультация жүргүзүү мүмкүндүгү менен жилик чучугун трансплантациялоого шарттар түзүлдү.

Садыр Жапаров калктын саламаттыгын сактоо багытындагы жүргүзгөн ишмердиги жана кайрымдуулугу үчүн «Ас-Сафа» кайрымдуулук фондунун жетекчиси Мухаммад Абдурахман Аль-Шаяга Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын тапшырды.