Бишкекте жайында врачтар коронавируска каршы кандай кытай дарысын тараткан? Сурабалдиева суроо салды

Вице-премьер Эльвира Сурабалдиева республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү. Ал гуманитардык жардам тууралуу отчет берүү маселеси боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана жергиликтүү бийликтин дарегине катуу сындарды билдирди.

«Бизге толук жана так отчёт керек. Муну жарандар, Жогорку Кеңештин депутаттары, жардам берген эл аралык уюмдар жана донорлор күтүүдө. Берилген отчёт толук эмес жана айрым пункттар боюнча түшүнүксүз. Отчетто 325 рециркулятор алынганы белгиленген, бирок алар кайда экени көрсөтүлгөн эмес. Эмне үчүн медициналык жабдуулар баланска алынган эмес жана тиешелүү тартипте белгиленген эмес», — деди Сурабалдиева.

Вице-премьер отчеттордо канча дары-дармек каражаты алынгандыгы жана алардын аталышы көрсөтүлгөн эмес деп сөзүн улантты.

«Бишкек шаарындагы поликлиникалардын врачтары жайында вируска каршы кытай таблеткаларын таркаткандыгы кооптондурат. Эмне себептен тийиштүү текшерүүлөрдү өткөрбөстөн, бул дармектер медициналык мекемелерге багытталган?», — деди Сурабалдиева.

Вице-премьер белгилегендей, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жооптуу жактарына карата тартиптик мүнөздөгү чаралар кабыл алынат.