Бишкекте кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиянын 10-отуруму өтөт

Эртең, 10-сентябрда Бишкек шаарында соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиянын 10-отуруму, ошондой эле кыргыз-түрк бизнес-форуму өтөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти. Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов жана Түркиянын вице-президенти Фуат Октай катышат.

Сапар алкагында эки тараптуу жолугушуулар, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу жана «Маариф» мектебинин ачылышы пландалууда.