Бишкекте Кыргызстан менен Казакстандын маданият министрлери жолукту

Бүгүн, 10-мартта Алыкул Осмонов атындагы кыргыз Улуттук китепканасында өлкөнүн маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев менен Казакстандын маданият жана спорт министри Актоты Раимкулованын эки тараптуу жолугушуусу болду. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Маалыматка ылайык, тараптардын жолугушуусуна Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшат Асылбаева, Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Кайрат Нурпеисов, казакстандык манасчы Баянгали Алимжанов жана эки мамлекеттин маданият тармагынын жетекчилери жана ири өкүлдөрү да катышты.

Анда кыргыз-казак мамилелери, маданий-гуманитардык жана спорт тармагындагы кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кайрат Иманалиев Казакстан мамлекетинин ортосундагы маданий кызматташтыкты бекемдөө, мамлекеттер ортосундагы алаканын негизги көпүрөсү маданият экендигин баса белгилеп, бул багытта биринчи кезекте ишке ашыра турган долбоорлор тууралуу пикирин билдирди.

Ал эми Казакстандын маданият жана спорт министри Актоты Раимкулова маданий жана спорт багыты боюнча кызматташууга даяр экендигин жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыктар экендигин белгилеп, ыраазычылык билдирди.