Бишкекте Тилекмат Кудайбергеновду кармап кетишти. Ал жаңы Конституцияга каршы акциянын уюштуруучусу

Бүгүн, 15-мартта Бишкекте укук коргоо органдары активист Тилекмат Кудайбергеновду кармап кетишти. Ал Фейсбукта Тилекмат Куренов деп катталган. Бул тууралуу «Замандаш» партиясынын мурдагы төрагасы Жеңиш Молдокматов социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Анда ал активистти ИИМге караштуу Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалына алып кетишкенин жазган. «Куугунтуктан азап чегип, запкы көргөн бийлик бул кадамыңар жеткен наадандык! Буга чейин бийликтин кемчилигин, туура эмес жолго баратканын айтып жүргөн Тилекмат Куреновду азыр Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалына алып кетишиптир. Куреновго ойдон чыгарылган кине коюлушу мүмкүн. Биз башкармалыкка баратабыз», — деп жазды Молдокматов.

9-мартта Ак Үйдүн жанында жаңы Конституцияга каршы нааразычылык акциясы болуп, анда 50дөй адам чогулган. Уюштуруучулардын башында Тилекмат Кудайбергенов менен Жеңиш Молдокматов турган. Алар анда президент Садыр Жапаровду бийликти узурпациялоо үчүн сотко берүүгө даяр экенин билдиришкен.