Бүгүн, 6-ноябрда Бишкекте Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) мамлекет башчыларынын кеңешинин 11-жыйыны башталды.
Иш-чара президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында өтүүдө. “Ынтымак Ордосунун” кире беришинде мамлекет башчысы ТМУга мүчө-мамлекеттеринин лидерлеринин ар бири – Азербайжан президенти Ильхам Алиев, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган, Өзбекстан президенти Шавкат Мирзийоев, ошондой эле байкоочу мамлекеттин лидери – Венгрия премьер-министри Виктор Орбан менен салам алышты.
Учурашып, биргелешкен сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин мамлекет башчылары Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын кеңешинин 11-жыйыны өтө турган жыйындар залына бет алышты.