Бишкекте «Улуттар биримдиги» партиясынын курултайы өттү. Күн тартибине партиянын саясий кеңешин бекитүү жана Жогорку Кеңешке шайлоого талапкерлердин тизмесин көрсөтүү кирген.
Күн тартибине ылайык, партиянын тизмесине «Улуттар Биримдиги», «Ар-Намыс», Кыргызстан Элдик Демократиялык партиясы, «Кыргызстан Элдер Шериктештиги» жана башка коомдук бирикмелерден талапкерлер киришти. Курултайга партиянын лидери Мелисбек Мырзакматов, «Ар-Намыстын» лидери Феликс Кулов, НДПКнын лидери Артур Медетбеков жана «Ар-Намыс» партиясынын төрагасынын орун басары Валерий Диль катышты.