Бишкекте «Ыйман Нуру» партиясынын курултайы өттү

Бишкекте “Ыйман Нуру” партиясынын кезексиз курултайы өттү. Күн тартибинде алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоого талапкерлердин тизмесин бекитүү кирди.

Партиянын курултайынын президиумуна Нуржигит Кадырбеков, Динара Ашимова, Мирлан Данышмаан, Аскарбек Күрүчбеков, Михаил Халитов шайланды. Алар ошондой эле саясий кеңештин жаңы мүчөсүн шайлашты, делегаттар партиянын программасын угушту.