Бишкектеги абанын булганышына каршы күрөшүү боюнча комиссия түзүлдү. Аны ким жетектейт?

Министрлер кабинетинин токтому менен Бишкек шаарындагы абанын булганышы көйгөйүн иликтөө, жарандардын ден соолугун сактоо жана аларды чечүү чараларын иштеп чыгуу боюнча токтоосуз чараларды ыкчам кабыл алуу үчүн ведомстволор аралык өзгөчө комиссиясы түзүлдү. Аталган чечим жарандардын ден соолугун коргоо жана Бишкек шаарынын абасынын булгануу деңгээлин төмөндөтүү боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алуу, абанын булганышынын себептерин жана булактарын аныктоо максатында кабыл алынган.

Ведомстволор аралык өзгөчө комиссиянын жетекчиси катары Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев бекитилди. Ведомстволор аралык өзгөчө комиссиянын курамына мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү киргизилген. Өзгөчө комиссияга жарандардын ден соолугун коргоого тийгизген кесепеттерин кыскартуу  боюнча ыкчам жана өз мөөнөтүндө чараларды кабыл алуу, ошондой эле Бишкек шаарынын абасын булгоочу булактарды аныктоо менен булгануу көйгөйлөрүн изилдөө жана баалоо тапшырылган.

Министрлер кабинети жарандардын, өзгөчө балдардын, кары-картаңдардын жана өнөкөт оорулары бар адамдардын ден соолугун мындай булгануунун кесепеттеринен коргоо боюнча максималдуу чараларды көрө тургандыгы белгиленди.